Нурланбек Тургунбек уулу: Эки жаңы министрликке элибиздин үмүтү чоң

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине агартуу министри менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди кароо маселеси киргизилди.
Парламенттен билдиришкендей, төрага Нурланбек Тургунбек уулу Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү чечими маанилүү кадам болгонун баса белгиледи.
“Өлкөнү өнүктүрүү үчүн билимге өзгөчө көңүл буруп, сапатын көтөрүшүбүз керек. Анткени, билим өнүгүүнүн негизин түзөт. Андыктан, тармакты тейлеген министрликти экиге бөлүп, заманбап шартта иштеген эки министрлик түзүү сунушун көтөрүп келгем. Президент демилгени колдоп, Агартуу министрлиги, ошондой эле Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлдү. Бул маанилүү чечим тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, алгылыктуу иштер жасалат деген ишеничтемин. Эки жаңы министрликке элибиздин үмүтү чоң” – деди ал.
Эскерте кетсек, жакында президент Садыр Жапаров эки жаңы министрлик түзүү боюнча жарлыкка кол койгон.