ЖК төрагасы: Билим берүү жана илим министрлигинин экиге бөлүнүшү туура чечим болду
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна сунушталган Бактияр Орозовду кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда төрага Билим берүү жана илим министрлигинин экиге бөлүнүшү тармак үчүн эле эмес, өлкөнүн келечеги үчүн туура чечим болгонун баса белгиледи.
“Болочоктогу эки министрликке чоң жоопкерчилик жүктөлүп, зор ишеним артылууда. Себеби, азыркы шартта тармакты толугу менен жаңылап, өлкө келечеги үчүн ири реформаларды ишке ашыруу кажет. Албетте Жогорку Кеңеш жаңы түптөлгөн министрликтерге ар тараптуу колдоолорду көрсөтүүгө даярбыз”,– деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Жолугушууда сунушталган талапкердин алдыдагы пландары боюнча да маалымат алган Нурланбек Тургунбек уулу аны ыкчам иштеп, жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.
“Азыр жаңы технологиялардын заманы. Андыктан, университеттер жана илимий мекемелер жаңы ачылыштардын ордосу, жаратмандардын устаканасы катары кызмат кылышы керек”, – деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу үчүнчү Элдик курултайда Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү демилгесин көтөрүп, аталган сунушун парламент жыйынында да байма-бай айтып келген.