Жээнбек Кулубаев ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту

 Жээнбек Кулубаев ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту

Бүгүн, 12-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна быйылкы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарына көңүл буруу менен, ТМУ ишмердүүлүгүнүн негизги маселелерин талкуулашты.

Анда Будапешттеги Мамлекет башчыларынын бейформал саммитинин күн тартибине, ошондой эле ТМУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна өзгөчө көңүл бурулду.

Связанный пост