Баткен облусу боюнча 13 объектте курулуш иштери, 7 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен министрликтин жетекчилиги эс алуу күндөрү республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан социалдык объекттерге текшерүү жүргүзүүдө.
Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Медетканов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунда курулуш иштери жүрүп жаткан бир катар объектердин курулуш этабын жана сапатын текшерди.
Учурда Баткен облусу боюнча 13 объектте курулуш иштери, 7 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.