Илхам Алиев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

 Илхам Алиев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.
«Бул дата биздин элдерибиздин даңктуу жылбаянына оор согуш жылдарында фронтто жана тылда көрсөтүлгөн улуу эрдиктин, кайраттуулуктун жана болуп көрбөгөндөй баатырдыктын символу катары түбөлүккө кирди. Фронттук жоокерлердин, биздин мекенибиздин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргогон бардык адамдардын эрдиги жана кайраты ар дайым жүрөгүбүздө жашай берет.
Согуш жылдарындагы катаал сыноолорду башынан кечирген элдерибиздин достугу жана биримдиги мындан ары да Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кала берерине ишенем», — деп айтылат Ильхам Алиевдин куттуктоосунда.

Связанный пост