Төрага Нурланбек Тургунбек уулу 9-май – Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

 Төрага Нурланбек Тургунбек уулу 9-май – Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу 9-май – Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Төраганын куттуктоо сөзү:

“Кымбаттуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлери!

Ардактуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Жалпы адамзат тарыхындагы эң кандуу, эң кайгылуу окуялардын бири саналган Улуу Ата Мекендик согуш 1418 күнгө созулуп, ар бир сааты азаптуу мүнөттөр менен коштолгон. Бирок көп улуттуу Совет эли биримдиктин, мекенчилдиктин жана каармандыктын бийик үлгүсүн көрсөтүп, душман мизин кайтарып турушкан. Советтик жоокерлердин катарында кан майданга ар бир төртүнчү кыргызстандык аттанып, жалпы 360 миңдей мекендешибиз согушка катышкан. Алардын ичинен 130 миңден ашыгы курман болуп, 150 миңдей жоокер орден, медалдар менен сыйланышкан. Тагыраагы, 21 адам Даңк орденинин толук ээси, 74 жоокер Советтер Союзунун баатыры атанган. Биз Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Талгат Бегелдинов, Калыйнур Үсөнбеков, Даир Асанов, Акун Садырбаев, Исмаилбек Таранчиев өңдүү баатырларыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз.

Ошондой эле биздин аталарыбыз Ленинград шаарын бошотууга активдүү катышып, 900 күнгө чукул блокадада калган калаага жүздөн ашуун вагон гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

Албетте, согуш батышта гана болгон эмес. Азаптуу күндөр Ала-Тоону да өз кучагына алып, оорукта да оор турмуш өкүм сүргөн. Согушка барышпаса да улгайган чал-кемпир, кыз-келиндер жана жаш балдар күнү-түнү эмгек кылып, фронт үчүн азык-түлүк, кийим-кечек камдашкан. Кыргызстанга көчүрүлүп келген өнөр-жай ишканаларына жергиликтүү эл жумушка тартылып, согушка керектүү продукциялар өндүрүлгөн.

Өздөрү кыйналып, ачкачылыктын азабын тартып турса да биздин меймандос элибиз согуш маалында Кыргызстанга баш калкалап келген 300 миңдей адамды батырып, өгөйлөбөй өз боорлоруна тартып, айрыкча жаш балдарды өз баласындай асырашкан. Тагыраагы, согуштун алгачкы жылдары эле 41 балдар үйү Кыргызстанга көчүрүлүп, 3 жарым миңдей бала Ала-Тоого алынып келинген. Анын ичинен Ленинград блокадасында калган 150дөй баланы 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова аттуу апабыз өз карамагына алып, бакканын баарыбыз билебиз. Андыктан, Жеңишти камсыздоодо кыргызстандыктардын салымы чоң болгонун эч ким унутпашы керек!

Каарман элибиздин кайраты, ынтымагы, биримдиги Улуу Жеңишке жеткирген.

Тилекке каршы, Жеңиш үчүн күрөшкөн согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлеринин катары жыл санап азаюуда. Бирок биз алардын жасаган эрдигин эсибизден чыгарбайбыз!

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлери!

Кадырлуу кыргызстандыктар!  

Дагы бир жолу Улуу Жеӊиш майрамы кут болсун! Дүйнөдө тынчтык жана ынтымак өкүм сүрүп, кандуу согуш кайрадан кайталанбасын! “

Связанный пост