Энергетика тутуму штаттык режимде иштөөдө
Өткөн сутканын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын керектөө 47,063 млн кВт/саатты түздү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-июлга карата өлкө аймагында энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Белгиленгендей, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.
Пландуу оңдоо иштеринин графиги менен керектөөчүлөр “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын расмий сайты www.nesk.kg, ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат.
“Энергетиктер керектөөчүлөрдү, айрыкча эң жогорку жүктөм болгон сааттарда, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырышат. Бул энергетика тутумунун ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздоого өбөлгө түзөт”,-деп белгиленет маалыматта.