Байказы Айтикул уулу: Жол эрежелерин кайрадан окуп, кайталаган айдоочулардын саны өсүүдө

Жол эрежелерин кайрадан окуп, кайталаган айдоочулардын саны өсүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчыбыздын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча койгон тапшырмасына ылайык, 1-сентябрдан тартып, эреже бузган айдоочуларды жеринен жол эрежесин билээрин сурамжылоо жүргүзүп, жооп бере албай калган айдоочуларды кайрадан сынакка жөнөтүү тапшырмасы коюлган.
“Азыркы учурда водомстволор аралык жумушчу топ сурамжылоонун жана сынакка жөнөтүүнүн жол-жобосун иштеп чыкты. Жакынкы күндөрү коомдук талкууга чыгарылат.
Ал эми 1-сентябрга чейин айдоочуларыбызга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүү, эскертүү, сурамжылоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы коюлган. Анын алкагында бир айдан бери ЖКККББнын борбордук аппарты жана жер-жерлердеги кызматкерлер айдоочуларга жол эрежелерин үйрөтүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Өлкө башчыбыздын тапшырмасын аткарууда жетекчиликтин демилгеси менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аким, мэр, губернатор, авточарбалардын жетекчилери менен жеринен жолугуп, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Ал тургай ИИМдин ардагерлерин, дин кызматкерлерин, жогорку окуу жайларынын студенттерин иш-чарабызга тартып, комплекстүү түрдө айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз.
Бүл айдоочуларга болгон үгүт-насаат иштеринин натыйжасында иш-чарабыздын алгачкы күндөрүнө караганда айдоочуларыбызда кыйла түшүнүк бар, жол эрежелерин кайталоого кызыгуусу жогору. Көпчүлүк айдоочулар токтоткон учурубузда, жол эрежеси боюнча китептерди кайдан алсак болоорун сурап, жол эрежесин толугураак жооп берген айдоочулардын саны көбөйүүдө.
Азыркы учурда өлкөнүн баардык аймактарында үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, ЛЕД экрандарга жол эрежелери тууралуу роликтерди жасап, жол эрежелерин камтыган китептерди басып чыгаруу аракетиндебиз”,-деди ал.