Данияр Амангелдиев Ташкентте КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бүгүн Ташкент шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты.
Жыйын тажик тараптын төрагалыгы алдында тар жана кеңейтилген курамда өттү. Жыйындын алкагында “INNOPROM. Борбор Азия” эл аралык көргөзмөсү жана КМШ региондорунун биринчи форуму да өтүүдө.
Тар курамдагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө Данияр Амангелдиев Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен тышкы соодасынын оң динамикасын белгиледи. Ал 2020-2024-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасы менен Шериктештик мамлекеттеринин ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2,1 эсеге, анын ичинде экспорт 2,4 эсеге, импорт дээрлик 2 эсеге өскөнүн баса белгиледи. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын КМШ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6 млрд АКШ долларын түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 10,1%га көп. Бул Шериктештиктин алкагында өз ара сооданын туруктуу өсүшүн жана экономикалык байланыштардын чыңдалышын көрсөтүп турат.
Минкаб башчысынын биринчи орун басары ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын орточо көрсөткүчү 9%ды түзгөн туруктуу өсүшүн белгиледи. Мындан тышкары, КР министрлер кабинети тарабынан быйылкы жылы ишке киргизүү пландаштырылган 128 өнөр жай объектинин тизмеси түзүлгөнүн билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүү боюнча мындан аркы чаралар ар тараптуу талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.