Россияда чет элдиктердин укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү узартылды

 Россияда чет элдиктердин укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү узартылды

Россиядагы чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, 28-апрелде Россиянын президентинин жарлыгы чыкты. Ага ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 10-сентябрына чейинки мезгилде Россияда болуу режимин бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясындагы укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү узарат.

Мындан тышкары, жарандар төмөнкү шарттарга жооп бериши керек:

  • Милдеттүү мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүүгө;
  • Медициналык текшерүүдөн өтүүгө;
  • Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү төлөмдөр боюнча төлөнбөгөн карыздары жок болушу керек.

Болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен кайрылганда Кыргыз Республикасынын жаранын административдик чыгаруу чарасын колдонбостон, айып салуу менен административдик жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.

Элчилик Кыргызстандын жарандарын Россияда мыйзамдуу түрдө жүрүү маселелеринде жоопкерчиликти жогорулатууга жана терс кесепеттерге жол бербөө үчүн компетенттүү органдарга ыкчам кайрылууга чакырат.

Связанный пост