Өлкө аймагында 2025-жылдын 3 айында 3 миңге жакын жер титирөө катталган

 Өлкө аймагында 2025-жылдын 3 айында 3 миңге жакын жер титирөө катталган

Кыргызстандын аймагында 2025-жылдын 3 айына карата статистикалык маалымат боюнча 2 миңден 3 миңге чейин жер титирөө катталган. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун окумуштуу катчысы Жибек Калыкова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жылына өлкөдө 9 миң 500дөн 12 миңге чейин жер титирөө катталып турат.

“Бул жылына кайталанып туруучу көрүнүш. Негизги катуу силкинүү болсо мисалы, 7 же 8 баллдык жер титирөө болгондон кийин артынан ошол жерде энергия тарап, кайталанып, автершок жер титирөөлөр болот. Бирок, баштапкы 8 баллдан ашпайт. Афтершок негизги жер титирөөдөн кийин пайда болгон бир катар алсыз жер титирөөлөр болуп, ошонун бардыгы сейсмологиялык станциялар тарабынан аныкталат. Негизги силкинүүдөн кийин энергия азайып отуруп, ошол жерде жер титирөө токтойт. Жер титирөө чек аралык аймак менен чектелбегендиктен, коңшу өлкөлөрдүн сейсмикалык станциялары менен маалымат алмашуу, иштешүү бизде дайыма болуп турат”, – деди Жибек Калыкова.

Ал эми физика-математика илиминин доктору Алымбай Токтосопиев дүйнө окумуштуулары бүгүнкү күндө жер титирөөнүн алдын алууга мүмкүн эмес экенин ачык айтып чыгышкандыгын өз сөзүндө белгиледи.

“Кыргызстандын аймагында 21 сейсмикалык станциябыз бар. Андан башка Россиянын илимдер академиясынын 8 станциясы бар. Бул станциялардын саны көп болгон сайын ар кайсы жерде болгон жер титирөөлөр боюнча маалыматтар кеңири алынып турат. Ошол станцияда жазылган маалыматты адистер карап, жер титирөөнүн очогун, күчүн аныкташат. Негизи 8 баллдан жогорку жер титирөөнүн бардыгы кыйратуучу жер титирөө деп аталат. Бирок окумуштуулар тастыктагандай, бүгүнкү күндө жер титирөөнүн алдын алууга мүмкүн эмес”,- деди Алымбай Токтосопиев.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост