Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүсүн $5 млрд жеткирүү максатын көздөйт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттик Администрациянын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуштун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланып, соода-экономикалык мамилелерге басым жасалды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстандын Түркия менен түрдүү тармактарда, анын ичинде айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, кайра иштетүү жана тоо-кен казып алуу тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

“Биз эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын көрүп, 1 миллиард АКШ долларына жеткен товар жүгүртүүбүздү көрүп жатабыз. Биздин өлкөлөрдүн жетекчилери алдыга койгон амбициялуу, бирок ишке аша турган максат – бул көрсөткүчтү жакынкы жылдары 5 миллиард АКШ долларына жеткирүү”, – деди Адылбек Касымалиев.

Адылбек Касымалиев ошондой эле жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, жеке секторду өнүктүрүү, административдик чектөөлөрдү жоюу жана мыйзамдарды өркүндөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Түркиянын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Вице-президенти Жевдет Йылмаздын тең төрагалыгы астында соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) маанилүү ролун баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө банк секторунун маселелери жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу да талкууланды.

Өз кезегинде Нуман Куртулмуш Түркиянын Кыргызстан менен ар тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө умтулуусун ырастап, эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүгө даярдыгын белгиледи.

Связанный пост