Бишкекке Батыш Европа жана Түндүк Америкадан туристтер келди
Бүгүн, 2025-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарына Англиянын «Golden Eagle Luxury Trains» туристтик фирмасына таандык туристтик поезд келди. Поезд маршруту: Алматы – Бишкек – Балыкчы – Ташкент – Бухара – Ашхабад – Хива – Китаб – Дүйшөмбү – Самарканд – Маргилан – Кокон багытында жүрөт. Поезд 18 вагондон турат, алардын ар бири жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулукка ээ, ошондой эле ресторан-вагондор менен жабдылган.
Бул поездде Батыш Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүнөн келген 60 ашуун чет элдик туристтер саякаттап, өлкөбүздүн кооз жерлери менен таанышып жатышат.
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы поезддин жүрүшүн так графикке ылайык камсыздап, Бишкек-2 темир жол бекетинде конокторду салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасын уюштурду.
Бул туристтик сапар — Кыргызстандын туристтик дараметин арттырып, регионалдык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган маанилүү кадам.
Кыргызстан табигый байлыктары, тарыхый мурастары жана меймандостугу менен дүйнөлүк туристтерди өзүнө тартууну улантат. Туризм тармагындагы мындай демилгелер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана эл аралык аренадагы аброюн көтөрүүгө зор салым кошот.
Өз кезегинде «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоого, өлкөнүн эл аралык аренадагы оң имиджин калыптандырууга жана туризм тармагын мындан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет.