Садыр Жапаров Бахрейн падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа менен расмий жолугушту

Бүгүн, 21-апрелде Манама шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Бахрейн дин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифанын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Азем Бахрейн Падышалыгынын сарайында өттү.

Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин эки мамлекеттин лидерлери саламдашышты.

Андан соң Кыргызстан жана Бахрейндин мамлекеттик гимндери аткарылды.

Президент Садыр Жапаровдун расмий сапарынын урматына 21 замбирек залпы атылды.

Мындан кийин мамлекет башчылар Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.

Аземдин расмий бөлүгү аяктаган соң Садыр Жапаров менен Хамад бин Иса Аль Халифа делегация мүчөлөрүн тааныштырып, эки тараптуу жолугушуу үчүн сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Связанный пост