Садыр Жапаров Рим папасы Францисктин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров кардинал Кевин Фарреллге Рим папасы Францисктин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
«Рим папасы Ыйык мартабалуу Францисктин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Ыйык Тактыга, бардык католиктерге аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам.
2024-жылдын 4-октябрындагы Рим папасы Ыйык мартабалуу Франциск менен Ватиканда болгон жолугушуумду ар дайым жылуу сезимдер менен эстейм.
Дүйнөдө гуманизмди, толеранттуулукту, кечиримдүүлүктү, кайрымдуулукту жана мамлекеттер ортосунда өз ара түшүнүшүүнү сактоого Рим папасы Ыйык мартабалуу Францисктин кошкон чоң салымы дүйнөлүк коомчулуктун эсинде кала берет», – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.