Эми салыкка 50 миң сомго чейин карызы барларга өлкөдөн чыгууга чектөө коюлбайт

 Эми салыкка 50 миң сомго чейин карызы барларга өлкөдөн чыгууга чектөө коюлбайт

Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөгө чыгууну чектөөнү жеңилдетет.

Ведомстводон билдиришкендей, эми 50 миң сомго чейин салык карызы бар жарандар алдын ала милдеттүү төлөмсүз өлкөдөн чыга алышат. Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов I кварталдын жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясында демилгеледи, бул салык төлөөчүлөргө карата ийкемдүү жана сый мамиледе болууну чагылдырат.

Салык кызматынын төрагасынын айтымында, иш жүзүндө 1000-2000 сомдун тегерегинде карызы бар жарандардын чыгуудан кечигип калган учурлары көп болуп, дарылануу, окуу, иш сапарларын үзгүлтүккө алып келген. Чыгуу үчүн жарандар бюрократиялык жол-жоболордон өтүшү керек болчу: салык карызын төлөө, маалымкат алуу, андан кийин сот аткаруучуларга кайрылуу. Мунун баары жок дегенде 2-3 күнгө созулат.

“Чек арадан өтүп жатканда 50 миң сомго чейинки карызды текшербөөнү сунуштап жатабыз. Андан жогору суммаларды сөзсүз текшерүү керек. Ал эми аз карызы барлар өзгөчө шашылыш же маанилүү жагдайлар болгон учурда, жаран тынч учуп барып келиш керек”, — деп түшүндүрдү Шыкмаматов.

Жаңы демилге боюнча, эгерде текшерүү учурунда жарандын карызы бар болсо, ал аны ошол жерден QR-коддун жардамы менен төлөп, ашыкча формалдуулуксуз сапарын уланта алат. Жаңычылдыкты жакынкы айларда ишке ашыруу пландалууда. Салык кызматы мындай жол менен жарандардын жашоосу жөнөкөйлөтүлүп гана тим болбостон, мамлекеттик органга болгон ишеним жана салыктын чогулушу да жогорулай тургандыгын баса белгилейт.

Бул сөздөр конкреттүү маалыматтар менен тастыкталат. «Салык Сервис» ММ директору Качкынбай уулу Шамшыбек жыл башынан бери жарандардын Мамлекеттик салык кызматына болгон ишеним деңгээли 20 %га жогорулагандыгын көрсөткөн маалыматтарды айтып өттү. Мындай көрсөткүч маанилүү маалыматты жарандарга өз убагында жеткирүүнүн, коом менен коммуникацияны жакшыртуунун жана кайтарым байланыш механизмдерин киргизүүнүн натыйжасы болуп калды.

“Бухгалтерлер жана ишкерлер үчүн окутуучу 7 тренинг өткөрүлдү, техникалык колдоо кызматынын иши кеңейтилди жана социалдык тармактарга кирүү күчөтүлдү. Мындай чаралар жарандардын кеңири чөйрөсү үчүн салык системасын түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берди. Бул өз кезегинде салык органына болгон ишенимдин деңгээлине оң таасирин тийгизди”, – деп кошумчалады “Салык Сервис” ММ башчысы.

Связанный пост