Бакыт Төрөбаев Таласта аким, айыл өкмөттөрү менен жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапары учурунда район акимдери, айыл өкмөттөрү менен жыйын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында министрликтин артыкчылыктуу 5 багыты жана мамлекет тарабынан дыйкандарга каралган жеңилдетилген каржы булактары: “Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоорунун алкагында “өсүмдүк өстүрүү”, “мал чарбачылык”, “Сууну үнөмдөөчү технологиялары”, “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору тууралуу кеңири маалымат берилди.

Эске салсак, “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору 2025-жылдан тартып ишке кирди. Аталган долбоордун максаты – жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоор жалпысынан 60 ай же болбосо 5 жылда иштеп, республикалык бюджеттен жана “Айыл Банк”, “Элдик Банктар” тарбынан каржыланат.

Анда мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөргө 25 млн сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен, Кластердик бирикмелерди бириккен товар өндүрүүчүлөр менен түзүшкөн кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 150 млн сомго чейинки каражат, 60 айга 6 пайыздык чен менен жана жогорку натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөчү технология менен иштеген (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу); күнөскана чарбасын жүргүзүү менен, айыл чарба техникасынын жана жаныбарлардын лизинги менен, машина-трактордук станцияларды түзүү (МТС) менен алектенген, бириккен коомдорду түзүшкөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге 50 млн. сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен насыялар каралган.

Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаевдин Талас облусуна болгон иш сапары учурунда бир нече кайра иштетүү ишканалары, суу объектилер ачылып, электтиктер менен жолугушуулар өттү.

Связанный пост