Нарындагы Калмак-Ашуусу апрель айында ачылат

 Нарындагы Калмак-Ашуусу апрель айында ачылат

Нарындагы Калмак ашуусу апрель айында ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө.Жумуштар аймакты караган № 14 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Тазалоо иштерине 1 даана жүктөгүч жана 1 даана манипулятор тартылган. Бүгүнкү күндө жолдун 37-чакырымында иштер уланып, апрелдин аягында каттамды ачуу аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Булак – Соң-Көл жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын октябрь айынан апрелге дейре жабык болот.

Связанный пост