Төрага Нурланбек Тургунбек уулу КМШ ПААнын Кеңешинин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн алакаларын арттыруу багытындагы чечимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Тагыраагы билим берүү, экология, коопсуздук маселелери боюнча тыгыз иш алып баруу менен аталган тармактарда парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүү сунуштары каралды.

Муну менен катар Ассамблеяга мүчө мамлекеттердеги шайлоолорго жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына байланышкан баяндамалар жасалып, парламент жетекчилери мерчемделген долбоорлордун жана иш-чаралардын планын бекитишти.

Ошону менен бирге КМШ ПААнын Кеңешинин Башкы катчысы жана айрым туруктуу комиссиялардын жетекчилери өткөн жылы жасалган иштердин отчетун беришти.

Связанный пост