Быйылкы жылдын эсебинен өлкөгө Европадан алгачкы туристтик поезд келди

Күн мурун Бишкек шаарына Европа өлкөлөрүнөн туристтер менен биринчи туристтик поезд келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Буга чейин Lernidee Erlebnisreisen GmbH (Лернидее Эрлебнисрайзен ГмбХ) туристтик компаниясынын өкүлдөрү “Кыргыз темир жолу” ишканасына Кыргызстан аймагында темир жол аркылуу туристтик тур уюштуруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул кайрылууга мамлекеттик ишкана меймандардын каалоолорун эске алуу менен темир жол аркылуу коопсуз жүрүүнү камсыз кылып, тиешелүү жардамын көрсөткөн.

Туристтик поезддин багыты Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстанды камтыйт. Поезд курамында 11 вагон бар, ал эми жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 80ден ашык. Келген коноктор бүгүн Ала-Арча капчыгайында болушуп, Бишкекти кыдырышат. Ал эми эртең поезд менен Балыкчы шаарына (Ысык-Көл облусуна) барышат.

Белгилей кетчү жагдай, мындай туристтик поезддер 2023 жана 2024-жылдары да Кыргызстанга келген жана чет элдик туристтер арасында кызыгуу жаратып келет.

2025-жылы биринчи туристтик поезддин келиши Кыргызстанды келечектүү туристтик багыт катары көрсөтүп, эл аралык туризм тармагындагы кызматташууну чыңдоого өбөлгө болот.

Өз кезегинде “Кыргыз темир жолу” МИ ички туризмди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, өлкө аймагында темир жол аркылуу коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүнү камсыздап келүүдө.

Связанный пост