Таласта 5 миңден ашык орунга ылайыкталган стадион курулат
Бүгүн Талас шаарынын жаңы Борбордук стадионунун курулушу алдында мезгил кутучасын салуу аземи өттү.
УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жана шаардын тургундары катышты.
Белгиленгендей, Талас облусунун учурдагы Эшим Кутманалиев атындагы жалгыз стадионунун аймагында алгачкы футболдук беттеш 1937-жылы өткөн. Андан кийинки жылдары, стадион курулгандан тарта бир катар оңдоп-түзөө жана жаңылоодон өткөнү менен учурда заманбап талаптарга жооп бербейт.
Андыктан, облустарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттин көп багыттуу саясаты жана президенттин өлкөдө футболду өнүктүрүү жөнүндөгү жарлыгынын алкагында Талас шаарынын Асанбек Оторбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесине жаңы стадион курулганы турат.
Заманбап талаптарга жооп бере турган стадиондун батыш жана чыгыш тараптарда жайгашкан трибуналары 5055 көрүүчүгө ылайыкталып, үч кабаттуу трибуналардын алдында жайгашкан корпуста кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мелдештерди өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр салынат.
Андан сырткары, аталган корпустун ичинде профессионал футбол оюнчулары үчүн ылайыкталган жатакана жана тамактануу жайы, конференц-зал жана бир нече административдик бөлмөлөр каралган. Комплекстин үчүнчү кабатында VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү үчүн жана VAR системасын орнотуу үчүн орундуктар жайгашат.
Ошондой эле стадиондун оюн талаасы табигый болуп, анын айласында чуркоо аянтчасы курулат. Ал эми стадиондун өзү жана жалпы аянтча, жарык берүүчү шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечкисин өткөрүүгө шарт түзүлөт.
Стадионго караштуу аймакта футбол аренасынан сырткары, жасалма чөптөн жасалган машыгуу оюн талаасы, воркаут аянтчасы, фудкорт аянтчасы орун алып, стадиондун айланасында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле, стадиондун аймагында массалык иш-чаралар үчүн 180 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.
Белгилей кетсек, аталган ири футболдук инфратүзүмдүк объект Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Талас аймагында алгачкы жолу курулуп, облустун тургундары жана өзгөчө жаш муундун өкүлдөрү арасында дени-сак жашоо образын жайылтууга шарт түзүп, эл аралык мелдештерди кабыл алууга ылайыкталат. Бул инфратүзүм объекти шаарга көрк кошуп, облустук, республикалык жана эл аралык маанидеги масштабдуу иш чараларды кабыл алат.