Кыргызстан жана Словениянын тышкы иштер министрлери экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту

 Кыргызстан жана Словениянын тышкы иштер министрлери экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту

 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Словениянын Тышкы иштер министри Таня Файон менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү жигерлентүү зарылдыгын белгилешти.

 

  Жолугушууда Кыргыз Республикасынын жана Словениянын Тышкы иштер министрлери ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словениянын Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Ал эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, биргелешкен кыргыз-словения ишканаларын түзүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-словения өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин баштоо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

 

  Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев маектешине кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы кыргыз тарап өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарыл деген позицияны өзгөрүүсүз карманарын баса белгиледи.

Связанный пост