Балыкчы эт комбинатынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өттү

“Балыкчы эт комбинаты” ЖЧКсынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан, мурда “Рыбачы эт комбинаты” болуп саналган, аянты 10,7 га болгон “Балыкчы эт комбинаты” ЖЧКсынын 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун менчигине өткөрүлдү.

Тактап айтканда, УКМК 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейинки мезгилде У.С.И. “Кыргызтрансавто” мамлекеттик акционердик коомунун башкармасынын төрагасы болуп туруп, айрым кызмат адамдарынын жардамы менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен аталган өнөр жай объектисин жана жер участогун Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен мамлекеттик баланстан чыгарылгандыгын аныктады.

Связанный пост