“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ички карама-каршылыктарын жоюу жана Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо процессин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.
Кабыл алынган Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат:
– Кыргыз ССРинде төрөлгөн жана 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен Кыргыз ССРнин же Кыргыз Республикасынын аймагында документтештирилген, туулгандан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө арыз бербеген адамдар дагы Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналат;
– ата-энеси, же жалгыз атасы, же энеси бала туулган учурда Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса, чек арага чектеш мамлекеттин жарандыгын кошпогондо, бала туулган жерине жана балада чет мамлекеттин жарандыгы бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат;
– ата-энеси же жалгыз атасы, же энеси этностук кыргыздар болуп саналган чет өлкөлүк жарандар болгон Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат;
– Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга жол берилбеген учурлардын тизмеси Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына карама-каршы келген учуру менен толукталды;
– Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу негиздери төмөнкү негиздер менен толукталды:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз болгондо чет мамлекеттин компетенттүү органынан ошол мамлекеттин жарандыгын алгандыгы жөнүндө маалымат түшүүсү;
2) туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзгөн, же чет мамлекеттин аракеттеги аскердик кызматында, укук коргоо органдарында же атайын кызмат органдарында кызматта турган учурда;
– Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, чыгуу жана жоготуу жол-жоболорун жакшыртууга багытталган редакциялык (тактоочу) мүнөздөгү башка өзгөртүүлөрдү киргизүү.