Бостеридеги пляж реконструкцияланат

Ысык-Көл районунун Бостери айылында муниципалдык пляжды реконструкциялоо иштери башталды.
Оңдоо иштерине Аймактарды өнүктүрүү фондунан 35 миллион 85 миң 528 сом бөлүнгөн.
Пляждын жалпы аянты 4,5 гектарды түзөт.
Бөлүнгөн каражатка тротуар, велосипед жана чуркоо жолдорун куруу, аймакты көрктөндүрүү пландалууда.
Ошондой эле эки ажаткана, үч медициналык пункт, куткаруучулар үчүн пост, сырткы душ курулуп, пляжга кол чатырларды, отургучтарды, таштанды челектерин орнотуу, жарыктандыруу пландаштырууда.
Бостери эс алуучулар жана туристтер көп келүүчү жайлардын бири. Андыктан эс алуучулар үчүн бардык зарыл, заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү зарыл.
Белгилей кетсек, жайкы туристтик сезондун башталышына чейин пляжды реконструкциялоону аяктоо пландалууда.