Кардиохирургия институту бейтаптарды кабыл алууну жандантты

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгынан кийин улуттук госпиталдын жана республикалык диагностикалык борбордун имараттарына убактылуу көчүрүлгөн бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү толук кандуу жанданып, бейтаптарды кабыл алуу штаттык режимде уланууда. Учурда күнүнө 2-3төн операция жасалып жатканын жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору Самидин Шабралиев билдирди.

Республикалык диагностикалык борбордо жүрөктүн тубаса кемтиктеринин хирургиясы жана жүрөктүн пайда болгон кемтиктеринин хирургиясы жана коронардык хирургия бөлүмдөрүнүн дарыгерлери иштеп жатышат. Ал эми улуттук госпиталда органдарды трансплантациялоо жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигин хирургиялык дарылоо бөлүмүнүн дарыгерлери иш алып барышууда. 12-марттан баштап бейтаптарды улуттук госпиталга жаткыруу башталат.

Связанный пост