Кеминде Кыргызстандын химия-металлургиялык комбинатынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

 Кеминде Кыргызстандын химия-металлургиялык комбинатынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

Кемин районунда мыйзамсыз менчиктештирилген Кыргызстандын химия-металлургиялык комбинатынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз химия-металлургиялык комбинатынын 5-цехи мамлекетке кайтарылды.

2002-жылы аталган завод “Талер-Сан” ЖЧКсы тарабынан башкы директору Э.А. 100 сом суммадагы акча каражатына символикалык түрдө мыйзамсыз менчиктештирген.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кемин районунун Орловка шаарында жайгашкан аянты 6066 м2 жана ага чектеш 2 га КХМЗнын 5-цехи өзүлөрүнүн ыктыярдуу түрүндө Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарынын балансына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост