Кыргызстанда ыйык Рамазан айы башталды

Бүгүн 1-мартта Кыргызстанда мусулмандардын ыйык Рамазан айы башталды.
Эми мусулмандар 30 күн бою орозо кармайт. Орозо – бул мусулмандардын Рамазан айында аткара турган ибадаттарынын бири. Бул айда орозо туткан мусулман сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү жана тазалыкты бекемдейт. Жакшылык иштерди көбөйтүп, кайрымдуулук кылууга басым жасайт.
“Орозо” деген сөздүн лексикалык мааниси “кандайдыр бир нерседен кармануу, бир нерседен тыйылуу, сактануу” деген маанилерди билдирет.
Орозо кармоо менен мусулман адам көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан садага-битир берүүнүн тартиби жана өлчөмү бекитилген.
Ага ылайык, буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек.
Садага-битирдин өлчөмү төмөнкүдөй бекитилди (учурдагы баа менен):
– Буудай — 80 сом (1,6 кг);
– Ун — 128 сом (1,6 кг);
– Мейиз — 1200 сом (1,6 кг);
– Арпа — 288 сом (3,2 кг);
– Курма — 2880 сом (3,2 кг).