Мамлекеттик цирк Маданият министрлигинин курамынан чыгарылды

 Мамлекеттик цирк Маданият министрлигинин курамынан чыгарылды

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин курамынан чыгарылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, цирк эми мамлекеттик ишкана болуп түзүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өтөт.

Циркти “Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки” мамлекеттик ишканасына айлантып, Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөрүү керек.

Токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, мекеме толугу менен өзүн-өзү каржылоого өтүп, уставы жаңыланат.

Эске салсак, аталган цирк 1976-жылы курулган. Ачылгандан бери имаратта биринчи жолу капиталдык оңдоо иштери өткөн жылы жүргүзүлгөн.

Связанный пост