Жалал-Абад шаарында мектеп курулушу боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаарындагы “Фуркат” атындагы орто мектебинин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, өзгөчө ири өлчөмдөгү каражат кымырып алынгандыгы боюнча кылмыш иши козголду.
Тагыраагы, областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери “К.” ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп, иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишип, мыйзамсыз түрдө 6,3 млн сом акча каражатын төлөп беришкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголуп, материалдар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облусундагы Башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.