Мирбек Мамбеталиев маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Мамбеталиев Мирбек Кемелович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды.