Чолпон-Атада УКМК кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды
Чолпон-Ата шаарынын тургуну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айында УКМК кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында расмий киреше булактары жок туруп, кылмыш жолу менен кымбат баалуу мүлктөрдү мыйзамдаштырып алган жаран К.К.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө К.К. текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң процессуалдык чечим кабыл алуусун суранып, УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара сунуш кылган.
25-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында К.К. аттуу жаран УКМК кызматкерлерине 29 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.