Жогорку Кеңеш Мирбек Мамбеталиевди маданият министри кызматына дайындоого макулдук берди

 Жогорку Кеңеш Мирбек Мамбеталиевди маданият министри кызматына дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мирбек Мамбеталиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин сунуштамасы боюнча маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бир катар суроолорун узатып, сунуштарын айтышты.

Жыйынтыгында депутаттар Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого макулдук беришти.

Связанный пост