Бакетаев: Кыргызстандын экономикасы динамикалуу түрдө өсүүдө

 Бакетаев: Кыргызстандын экономикасы динамикалуу түрдө өсүүдө

Учурда Кыргызстандын экономикасы динамикалуу түрдө өсүп жатат. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, өлкө экономикасынын реалдуу өсүү темпи орточо эсеп менен алганда 9 пайызды түзүүдө.

“Бул аябай жакшы көрсөткүч. Биринчиден КР Бюджеттик кодексинде так жазылып тургандай, мамлекеттик карызды ички дүң продукцияга карата 70 пайызга чейин жеткирбешибиз керек. 2019-2020-жылдары 67 пайызга чыгып, динамиканы карасак ар кандай кырдаал болгон. Ошондуктан 70 пайыз деген чектөө турат, андан ашырбоо керек. Бул көрсөткүч акыркы 4 жыл аралыгында 30 пайызга төмөндөдү. Тагыраагы 2024-жылдын жыйынтыгы менен ИДПга карата 37 пайыз болду”, – дейт Бакетаев.

Эгер ушул деңгээлди сактап, жаңы насыяларды албасак 2027-2030-жылдары мамлекеттик карызыбыз 27 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн экенин министр кошумчалады.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост