Адылбек Касымалиев менен Олжас Бектенов эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Казакстан Республикасынын Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен кеңейтилген курамдагы жолугушуусу болуп өттү.
Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Казакстан Евразия экономикалык биримдиги, Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Түрк мамлекеттеринин уюму сыяктуу интеграциялык түзүмдөрдүн жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында өз ара активдүү кызматташуу жүрүп жатканын айтып, мындай форматтар туруктуулукту, экономикалык өнүгүүнү камсыздоодо жана эки мамлекеттин эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөдө мүмкүндүк берээрин билдирди.
Адылбек Касымалиев Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, акыркы жылдары өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалганын белгиледи. Маселен, 2024-жылы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 340 млн доллар болгон.
“Өзгөчө, эки өлкөнүн өкмөттөрү, биздин мамлекет башчыларынын 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 3 млрд долларга жеткирүү максатын эске алып ишке ашыруубуз керек. Ошондой эле 2024-жылдын 9 айында казакстандык компаниялар Кыргызстандын экономикасына дээрлик 49 млн доллар инвестиция салган. Инвестициялык байланыштарды активдештирүү максатында өткөн жылы Инвестицияларды өз ара стимулдаштыруу жана коргоо боюнча жаңыланган өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган. Мунун баары эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди системалуу түрдө кеңейтүү үчүн болгон потенциалды дагы бир жолу тастыктайт”, —деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев мындай позитивдүү көрсөткүчтү сактап туруу гана эмес, өз ара аракеттенүүнүн айрым секторлорунда иштин темпин жогорулатуу керек экенин айтып, жолугушуунун күн тартибине кирген бир катар актуалдуу маселелерди тизмектеп, аларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.
“Биздин мамлекеттердин чек арасында жүк ташуу процесстерин оптималдаштырууга, бизнестин чыгымдарын кыскартууга жана эки тараптуу сооданын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү өнөр жай соода-логистикалык комплексин куруу. Ал эми Кыргызстандын Таш-Көмүр шаарында ферросплав заводунун курулушу өнөр жай кызматташтыгынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат, өндүрүш көлөмүн көбөйтөт жана жогорку кошумча нарк менен продукцияны экспортко чыгарат. Ошондой эле Кыргызстандык керектөөчүлөр үчүн энергетикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана отундун чыгымдарын азайтуу үчүн маанилүү кадам болуп саналган Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарысыз жеткирүү боюнча документти ишке ашыруу. Мындан тышкары, Казакстандын Алматы облусунда жашылча-жемиштерди сактоочу соода-логистикалык кампаны түзүү, ал жаңы азыктар менен үзгүлтүксүз камсыздоону, соода жүгүртүүнү жакшыртууну жана биздин өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууну камсыз кылат”, — деген Адылбек Касымалиев, бул демилгелерди ийгиликтүү ишке ашыруу экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана эки өлкөнүн экономикасына инвестиция тартууга кошумча стимул болоорун кошумчалады.
Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы маданий, билим берүү, туризм тармагындагы байланыштарынын жүрүшү, бул багыттагы жаңы демилгелерди ишке ашыруу жана бекемдөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.
Өз кезегинде Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов эки мамлекеттин башчыларынын өз ара ишеними жана ак ниет достук деминдеги тыгыз мамилеси көп кырдуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөөрүн, соода мамилелерди чыңдоо жана тереңдетүү эки өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө мультипликативдик таасирин тийгизээрин белгиледи. Маселен, Олжас Бектеновдун айтымында өткөн жылдын аягында өз ара сооданын көрсөткүчтөрү кайрадан өсүп, 1,7 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле учурда казак тарап соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да арттыруу үчүн олуттуу иштер жасалаарын белгиледи.
Белгилей кетсек, жолугушууга эки мамлекеттин чек ара, санариптештирүү, транспорт, экономика, энергетика, бажы, салык, инвестиция, өнөр жай, айыл чарба жана маданий тармактарындагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышты.