КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Максүтов Алтынбек Аскарович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Ошол эле учурда Мамбеталиев Мирбек Кемелович маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлиги маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.