Соцфонд былтыр депозиттерге жана баалуу кагаздарга 16 млрд сом инвестициялаган

 Соцфонд былтыр депозиттерге жана баалуу кагаздарга 16 млрд сом инвестициялаган

Социалдык фонд былтыр Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттары кайда жумшалгандыгы тууралуу маалымат берди.

Ведомстводон билдиришкендей, өткөн жылы МПТФнын каражаттарынан 16 258,2 млн сом инвестицияланган:

  • Мамлекеттик жана башка баалуу кагаздарга – 9 209,3 млн сом (кирешелүүлүгү 11,00–16,60%).
  • Коммерциялык банктардын депозиттик салымдарына – 7 048,9 млн сом (кирешелүүлүгү 12,6–17,2%).

2024-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

  • жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 4 587,3 млн.сом;
  • депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 939,6 млн.сом;
  • МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 19,7 млн.сом.
  • башка кирешелер – 3,3 млн.сом;

Ал эми, былтыркы жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 5 549,9 млн.сом киреше алынган.

Связанный пост