Жыл башынан бери “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү боюнча 57,5 млн сом бөлүндү

 Жыл башынан бери “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү боюнча 57,5 млн сом бөлүндү

Жыл башынан бери жаңы төрөлгөн 14 миң 346 балага “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү боюнча 57 млн 522 миң сом каржыланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 миң сом төлөнүп берилди.

2024-жылдын 1-февралына карата 14 835 балага 59 млн 477 миң сом каржыланган, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 миң сом төлөнгөн.

Маалымат үчүн:

– бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;
– бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда “балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт;
– “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек;
– “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек;
– акча каражаты арыз берилген күндөн 2 жумуш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт;
– жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.
-“балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн керектелүүчү документтер өзүңүзгө таандык жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

Эскертүү:

– “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн Калкты тейлөө борборунан алган арыз бланка зарыл эмес.
– жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Связанный пост