Былтыр өлкөдө жумушсуздардын саны 25% кыскарды

2024-жылы өлкөдө жумушсуздардын саны 25 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун башкы адиси Эсенбек Эргешов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы өлкөдө 67 миң адам жумушсуз деп расмий катталса, өткөң жылы алардын саны 50 миң адамды түздү.
“Тагыраагы, 2023-жылы жумушсуздуктун деңгээли 2,9 пайызды түзсө, былтыр көрсөткүч 1,8 пайызды түздү. Калкты ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү жаатында аткарылган иштердин натыйжасында элди жумуш менен камсыз кылуу көрсөткүчтөрү жакшырды”,-деди ал.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы белгилегендей, буга министрликтин “Социалдык контракт” программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеке бизнесин ачып, туруктуу киреше менен гана чектелбестен, өздөрү да жумуш орундарын түзө баштаганы да жакшы өбөлгө болууда.