Орунбеков: Жаңы мыйзам элдин эркин тандоо кылуусуна шарт түзөт

 Орунбеков: Жаңы мыйзам элдин эркин тандоо кылуусуна шарт түзөт

Жаңы мыйзам долбоору колдоого алына турган болсо, элине кадыры бар талапкерлер гана шайланып, элдин эркин тандоо кылуусуна шарттар түзүлөт. Бул тууралуу президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, долбоор учурдагы пропорционалдык (партиялык тизме) жана мажоритардык (бир мандаттуу округдар) системалардын кемчиликтерин жоюуга багытталган.

“Акыркы парламенттик шайлоодо мен дагы бир мандаттуу Алай шайлоо округунан талапкер болуп катышкамын. Жыйынтыгында 2-орунда келип, 6439 добуш менен депутаттыкка өтпөй калдым.

Бирок, Кыргызстан боюнча жалпы катышкандардын ичинен эң көп добуш чогулткан топ-90 талапкерлердин рейтингинде 78-орунда болдум.

Ошол эле кезде 700-1000 добуш алган партиялык тизмедеги талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаты болуп мандат алышты.

Эми, Кыргызстандын шайлоо системасын өзгөртүү боюнча жаңы конституциялык мыйзам долбоору сунушталды. Окуп, таанышып чыккандан кийин, эл катары оюмду бөлүшө кетүүнү туура көрдүм. Долбоор колдоого алына турган болсо, элине кадыры бар талапкерлер гана шайланып, элдин эркин тандоо кылуусуна шарттар түзүлөт экен”,-деген ал.

Шайлоо системасындагы негизги өзгөрүүлөр

Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары киргизилет. Жогорку Кеңештин 90 депутаты 30 шайлоо округу боюнча шайланат, ошондо ар бир округдан 3 депутат болот. Бул система аймактык өкүлчүлүктү камсыздап, ар бир региондун үнүн парламентке жеткирүүгө шарт түзөт. Мисалы, толук партиялык тизме менен шайланган учурларда айрым аймактардан депутаттар чыкпай, ал эми кичине эле райондон 8-9га чейин депутаттар келип калган учурлар болгон. 2010-жылдагы депутаттардын тизмесине көз жүгүртүп көрсөңүздөр болот.

Шайлоого катышуунун жаңы эрежелери

Талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга берилет. Саясий партиялар ар бир округдан бирден гана талапкер көрсөтө алышат. Өзүн-өзү көрсөткөн жарандар үчүн 100 000 сом күрөө төлөө талабы киргизилген.

Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү принциби өзгөрөт

Округдан эң көп добуш алган үч талапкер депутат болуп шайланат. Аялдардын өкүлчүлүгүн камсыздоо үчүн 30дан кем эмес мандат гендердик квотага бөлүнөт. Тактап айтканда ар бир шайлоо округунан сөзсүз бир мандат аялдарга берилет. Бул шайлоодо аял талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошондо 90 депутаттын 30у аялдарга берилиши кепилденет.

“Бул сунушталып жаткан долбоордун дагы бир артыкчылыгы, эгер шайланган депутат мандатынан баш тартса же кетсе, анын орду шайлоодо кийинки көп добуш алган талапкерге берилет. Азыркыдай кеткен депутаттын ордуна кайра шайлоо болбойт. Жаңы система – депутаттарды аймактар менен тыгыз иштөөгө мажбурлайт. Партиянын курамына кирүү, ал үчүн ири суммадагы акча-каражаттарын партиянын лидерине берип соодалашкан терс көрүнүштөр эми болбойт. Депутаттыкка талапкер – шайлоочудан башка эч кимге көз каранды эмес”,-деп кошумчалаган.

Связанный пост