2025-жылдан баштап мүлк салыгын башкарууга бир катар өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө 2025-жылдан тартып күчүнө кирүүчү мүлк салыгын башкаруудагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайт.
Турак жай салыгын эсептөөнүн жаңы тартиби
Салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө ылайык турак жайларга жана имараттарга салыктын суммасын эсептөө үчүн жаңы формула киргизилген, ал салыктык базаны белгиленген ставкага (сом/ чарчы м) көбөйтүү жолу менен эсептелет.
С = СА × С, мында:
С – салыктын суммасы;
СА – салык салынуучу аянт (жеңилдиктерди эске алуу менен);
С – салыктын ставкасы (сом/чарчы м).
Салыктын ставкалары жергиликтүү кеңештер тарабынан үч жылда бир жолу, учурдагы салык мезгилинин 1-октябрына чейин бекитилет жана кийинки салык мезгилинин 1-январынан тартып күчүнө кирет. Максималдуу ставка 1 чарчы м. үчүн 100 сомдон ашпоого тийиш.
Эсептөөнүн мисалы:
Эгерде Бишкекте ставка 70 сом болсо, аянты 200 чарчы м. үйгө салык (150 чарчы м. жеңилдетилген аянтты эске алганда):
С = СА × С = (200 – 150) × 70 = 50 × 70 = 3500 сом.
2025-2027-жылдарга турак жай мүлк салыгынын ставкалары 2025-жылдын 1-мартына чейин жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилиши керек.
Салыкты эсептөө мүлк жайгашкан жердеги салык органдары тарабынан жүргүзүлөт, ал эми кабарлоо салык төлөөчүлөргө төлөө мөөнөтүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен жиберилет. Салыкты төлөө мөөнөтү учурдагы салык мезгилинин 1-сентябрынан кечиктирилбеши керек.
Базарлардагы турак эмес курулмаларга салыктык башкаруунун жаңы тартиби
Базарларда жана кичи базарларда жайгашкан жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде катталбаган турак эмес объекттер (контейнерлер, ангарлар ж.б.) үчүн салык базар ээлери берген реестрлердин негизинде эсептелет.
Башкаруунун өзгөчөлүктөрү:
– салык органдары объект ээлерине кабарлоону автоматтык түрдө жиберет;
– салыкты төлөө квартал сайын, кварталдын үчүнчү айынын 20сына чейин жүргүзүлөт;
– базар ээлери учурдагы салык мезгилинин 1-февралына чейин ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен формада, турак эмес жайлар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Маалымат бербегендиги үчүн жоопкерчилик:
Маалымат берүү тартибин же мөөнөтүн бузгандыгы үчүн базар ээлерине 65 миң сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.
Көп батирлүү үйлөрдүн жанындагы жер участокторуна салык төлөө:
Үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө боюнча милдеттенме менчик ээлеринин ортосунда алардын жалпы мүлктөгү үлүшүнө пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.
Эгерде үйдү башкаруу башкаруучу компанияларга же кооперативдерге берилсе, салык төлөө ошол жактарга жүктөлөт.
Жеңилдиктерди берүү тартибиндеги өзгөрүүлөр
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери же камкорчулары үчүн бир турак жайга, бөлмөгө же транспорт каражатына салыктын суммасынын 50%ын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү жеңилдик каралган.
Ошондой эле, ага караштуу жер участогу үчүн төлөнгөн салыктын суммасын азайтуу укугу (ушул объект үчүн мүлк салыгынын суммасынын чегинде) эми турак эмес мүлк объектисине карата гана берилет.
Салыкты эсептөө
2026-жылдын 1-январына чейин салык органдары доо мөөнөтүнүн өтүп кетүүсүнүн чегинде отчет бербеген жеке жактардын мүлк салыгын өз алдынча эсептөөгө укуктуу.
Буга төмөнкүлөр кирет:
– ишкердик максаттарда пайдаланылбаган жана курорттук зоналарда жайгашпаган турак жайлар жана имараттар;
– транспорт каражаттары;
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участоктору;
– айыл чарба жер участоктору.