Өлкөдө мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды
Өлкөдө эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу максатында, республиканын бардык аймагында мал-жандыкты жазгы эмдөө иштери башталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ушул тапта кутурма оорусуна каршы малга вакцина сайылып, ал эми эхинококкозго каршы ит-мышыкка дары берилип жатат.
Ветеринардык кызмат бардык жарандарды мал-жандыкты профилактикалык эмдөөдөн, дегельминтизациялоодон милдеттүү түрдө өткөрүүгө чакырат. Себеби бул баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн маанилүү.
Эскерте кетсек, мал-жандыкты эмдөө жылына республикалык бюджеттен тогуз ооруга каршы сатылып алынат. Алар: кутурма, шарп, бруцеллёз, сибир жарасы, эхинококкоз, кой-эчкилердин кыргыны, күл, жылкынын маңка (сап) оорусу, туберкулин (ири мүйүздүү жана канаттуулар арасында).
Белгилей кетсек, мына ушул зооноздук ооруларда алдын алуу максатында, Ветеринардык кызматтын район, шаардык башкармалыктары тарабынан мектеп окуучуларына атайын ачык сабактар уюштурулуп, эл арасында окутуу, түшүндүрүү
иштери жүргүзүлүп жатат.