Жазгы айдап-себүү иштерине буудай үрөөнү 90% даяр

 Жазгы айдап-себүү иштерине буудай үрөөнү 90% даяр

Быйылкы жазгы айдап-себүү иштерине 64 миң тоннанын тегерегинде буудай үрөөнү керектелсе, учурда анын 57 миң тоннасы даяр. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бөлүм башчысы Турат Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, жашылча-жемиш жана башка үрөөндөр 100 пайызга даярдалып калды.

“Мамлекет тарабынан үрөөнгө 30 пайыздык дотация берилет. Жаздык буудай, арпа, жүгөрү, пахта, эспарцет, беде жана картошканын үрөөндөрүн дыйкандар жергиликтүү үрөөн чарбалардан 30 пайыздык дотация менен алып, себишсе болот”, – деди Турат Идрисов.

Маалымдалгандай, жер семирткичтер боюнча жалпы республикага 286 миң тонна жер семирткич керектелсе, учурда 36 миң тоннасы же 13 пайызы даяр.

“Калган жер семирткичтер жеке фирмалар тарабынан камсыздалып, 22-30 сомдун тегерегинде этап-этабы менен ташылып келет. Айыл чарба техникалары тууралуу айтсак, оңдоп-түзөөдөн өтүп, 75 пайызга даяр. Толук кандуу айыл чарба иштери башталганча техника 95-100 пайызга даяр болот”, – деди ал.

Ал эми айыл чарба жумуштарына жалпысынан 42 миң тонна дизелдик май, 12 миң тонна бензин керектелээрин министрликтин өкүлү кошумчалады.

“Бүгүнкү күнгө чейин нефтетрейдерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, келишимдерге кол коюлган. Күйүүчү майдын биз сурап жаткан көлөмү бар, май куючу жайлардан дыйкандар сатып алса болот. Андан тышкары, райондук агрардык башкармалыктарда мамлекет тарабынан жеңилдетилген төмөнкү баада дизелдик отун сатылууда”,- дейт Идрисов.

“Жаздын бир күнү бир жылга тете” дегендей, өлкөдө жазгы-талаа иштерине даярдыктар жыл башынан башталган. Учурда биринчи түшүм үчүн Ош облусунун Араван районунда картошка айдоо иштери жүрүүдө.

Связанный пост