Кыргызстанда жалпы 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар

 Кыргызстанда жалпы 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар

Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ичинен:

  • 22 149 – тракторлор;
  • 10 946 – соко;
  • 3 285 – үрөн сепкичтер;
  • 754 – жер семирткич чачкычтар;
  • 1 534 – малалар;
  • 1 362 – арык казгычтар;
  • 1 077 – трактор чиркегичтери жана башка техникалар.

Аймактардан алынган маалыматтар боюнча, быйылкы жазгы талаа жумуштарына карата айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 75 пайызга барабар.

2025-жылдын жазгы себүүсүнө жалпы 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрү керектелсе, анын 57,6 миң тонна үрөнү топтолуп, 89,1 % камсыз болду.

Анын ичинен буудай үрөнү 20,5 миң тонна керектелсе, 17,8 миң тоннасы топтолуп, 87,2 % түздү, арпа үрөнү 43,9 миң тонна керектелсе, 39,5 миң тоннасы же 89,9 % топтолду.

2025-жылга болгон керектөө 286,6 миң тоннаны түзөт, анын ичинен: азоттук жер семирткичтер – 163,6 миң тонна, фосфордук – 105,9 миң тонна, калийдик – 17,3 миң тонна.

2025-жылдын 17-февралына карата республикага ташып келинген минералдык жер семирткичтердин көлөмү 34,9 миң тонна болууда, же керектөөнүн 13,0 % түзүүдө.
Азоттук минералдык жер семирткичтердин баасы 22,7-30,0 сом/кг болсо, ал эми карбамид 30-38 түзүүдө.

2025-жылдагы  жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 42,2 миң тонна дизель отуну, 12,0 миң тонна автобензин  керектелет. Учурда нефтетрейдерлердин берген маалыматы боюнча нефтебазаларда жана автомай куючу жайларда  дизелдик отун,  автобензин  жетиштүү көлөмдө бар.

Связанный пост