Битир-садага менен зекетти QR-код аркылуу чогултуу системасы ишке кирди

Өлкөдө битир-садага менен зекетти QR-код аркылуу чогултуу системасы ишке кирди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Муфтияттан маалымдашкандай, эми бардык мечиттерде битир-садага жана зекет төлөмдөрү Finik мобилдик тиркемеси аркылуу төлөнөт.
Бул системаны колдонуу тартибин түшүндүрүү максатында Нарын облусунда имамдар үчүн атайын жыйын өткөрүлдү.
Анда муфтияттын башкы бухгалтери Толкунбек Жуманов зекет, битир-садага төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн иштелип чыккан бирдиктүү системанын артыкчылыктарын жана колдонуу тартибин түшүндүрдү. Ошондой эле ал апрель айынан тарта өлкөнүн бардык имамдарына стипендия төлөнүп баштай турганын айтты.
Мечиттер бөлүмүнүн башчысы Давранбек Жунусалиев башкы имам-хатибдерге имамдардын жана мечиттердин документтерин тез арада толуктап чыгууну тапшырды.
“Система Квикпэй” ЖЧКсынын адиси Эсен Сагыновдун айтымында, QR-код аркылуу төлөмдөр түздөн-түз жеке эсепке түшүп, ар бир тыйындын туура дарекке жетиши камсыздалат. Finik мобилдик тиркемеси аркылуу бардык төлөмдөрдүн толук маалыматын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан белгилешкендей, Finik платформасы жөнүндө түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү облустук казыятка жана хатибияттарда тапшырылды.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 21-декабрында III Элдик курултайда жарандардын битир-садагасы QR-код аркылуу төлөнөрүн билдирген болчу.