Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу кылмыш иши козголду

 Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу кылмыш иши козголду
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, “Бишкекбашкыархитектура” мекемесинин жооптуу кызматкерлери кызмат абалын жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланышып, коммерциялык уюмдардын кызыкчылыгын көздөп, Чүй, Москва, Тоголок Молдо жана Н.Исанов көчөлөрүндөгү кварталдын курулуш долбоорун мыйзам талаптарын одоно бузуу менен иштеп чыгышкандыгы аныкталган.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары жана анын кол алдында иштеген кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, кварталдын курулуш долбоору боюнча Коенкозов көчөсүндөгү 48 жана 48А дарегиндеги жер тилке коомдук имарат куруу үчүн аныкталгандыгына карабастан, “С.С.” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, көп кабаттуу үй курууга мыйзамсыз архитектуралык уруксат беришкен.
Аталган фактылардын негизинде прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост