“Бишкек Парк” соода борборунан өрт чыкты

Бишкек шаарындагы “Бишкек Парк” соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча өрт электр зымдарынан чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 06:14төн тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 08:05те толук өчүрүлдү.