Мектептин курулушунда 8 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мектеп имаратынын курулушунда иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды кабыл алышкандыгы аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган мекеменин кызматкерлери Аксы районунун Дардак-Дөбө айылындагы А.Кулубаева атындагы №67 мектебин курууда каралган мектептин айланасын көрктөндүрүү, видео байкоо орнотуу, спорт эмеректери менен камсыздоо жана башка жумуштар “К” ЖЧКсы тарабынан иш-жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан, официалдуу иш кагаздарга жалган маалыматтарды киргизүү менен жумуштарды кабыл алышкан.
Натыйжада, мыйзамсыз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 8 млн 20 миң 778 сом зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча Башкы башкармалыгына жиберилди.