Баткенде 12 тонна күрүчтү мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду
Баткенде 12 тонна күрүчтү мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан Өзбекстандын жарандары «Х.Ж.Р.у.» жана «С.А.А.». айдап келе жаткан «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү унаалар токтотулуп, жалпы салмагы 12 миң кг болгон LAZER MILLIY RICE деген жазуусу бар 480 күрүч салынган кап табылып, текшерүүгө алынган.
Бирок, айдоочулар алар бажы текшерүүсүнүн аяктоосун күтпөй, Бажы кызматынын уруксаты жана коштоосу жок текшерүүчү жайдан чыгып кетишкени маалымдалды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында унаалар Кадамжай районунун Пүлгөн айылындагы үйдүн короосунан табылган. Жүк жана унаалар Баткен шаарындагы «Кайырма+Дума» ЖЧКнын аймагындагы убактылуу сактоочу жайга коюлган. Товардын жалпы баасы 2 400 000 сомду түздү.
Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча Тергөө секторуна өткөрүлүп берилди.