Өлкөдө 249 миңден ашуун турак жай камсыздандырылды

Бүгүнкү күндө өлкөдө 249 миңден ашуун турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда 249 миң 538 турак жай камсыздандырылды. Ал эми автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги боюнча 217 миң 468 камсыздандыруу келишими түзүлдү.